Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эминеге.
Кол созуп бир кездерде келе-келе,
Келе бер, кармат мага өзүң жебе.
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эминеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.
Көрүнүп эл көзүнө коройгондон,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине,энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо.
Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө,
Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Билсеңер ата-эненин милдетинен,
Кутула албайсың ар тирүү күндө.
Туурдан учурганын унут койбой,
Адамдык сапатыңды астиң ойло.
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.
«Эми неге» эмеспи?!