Датасы: 08.10.2020
Формат: mp3

Сен сен сени эстеп
Сүйүү качан келет деп
Үмүт үзбөй күткөнмүн
Үрүл таңда келет деп

Сен сен сени эстеп
Сүйүү качан келет деп
Түркүн ойго чөмүлөмүн
Түш оогондо келет деп

Кел кел жаным кел
Ичтеги айым кел
Кел кел күлүп кел
Көктөгү гүлүм кел

Жүрөгүм да дегдеген
Сүйүү турат сен деген
Жолугушсам болобу деп
Күтүп жүрөм сени мен
Гүл жыттанган гүл менен
Гүлдөй өскөн сен белең
Күтө берем өзүңдү
Күүгүмдөгү жел менен
Кыялымда керемет
Кездешемин сен менен
Элестетсем өзүңдү
Эрип кетем неге мен
Эрк жүрөктү ээлеген
Эргүүм сенсиң берекем
Эрк шаркак жүрөлү
Тыным албай Ким экен

Көгөргөн көк көл менен
Көрктүү сулуу мөл менен
Көңүлүмө орногон
Көл сулуусу сен белең
Жазыгым бар эмнеден
Жазгы күнүм сен менен
Жолуксам деп күтүүдөн
Жүрөк ооруйт дем менен
Таш жүрөктү ээлеген
Таалайымсың сен деген
Тартынбастан келсеңчи
Таңкы салкын жел менен
Ала-Тоону жердеген
Арзуум сенсиң берекем
Алкымыңдан жыттайын
Адашпастан келем деп

Сен сен сени эстеп
Сүйүү качан келет деп
Келеби деп күтөмүн
Кеч бешимде мени эстеп

Сен сен сени эстеп
Сүйүү качан келет деп
Түңүлбөстөн күтөмүн
Түн жамынып келет деп


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *