Датасы: 12.08.2020
Формат: mp3

Далай жолу түз жолумдан торудуң
Жактырбадың туруксуз бул жоругуң
Телегейи тегиз жандай көрүнүп
Жүргөн менен чынын айтсам оорудум

Кайырма:

Жаша сүйүү түшсөм мейли торуңа
Өгөйлөбөй кыса көргүн бооруңа
Сени менен дүйнөм түгөл экенин
Сездим бүгүн сүй жүрөгүм ооруба

Сенсиз күнүм караңгы түн экенин
Сенин сүйүң жарык чачкан жетериң
Эми билдим сенсиз сүйүү жашоомдо
Көркү дагы маңызы жок экенин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *