Менин улуу кеңешчим
Айтчы сага теңдеш ким?
Уйку көрбөй канча түн
Мээрим төгүп терметтиң
Эркелетип кагыла
Коштуң адам сабына!
Канча кызмат кылбайын
Карыздармын дагы да
Көп жашачы апаке
Балдарыңдын багына!
Ак таңымсың жаркыган
Акылыңа тартылам
Мени көккө учурат
Сенин берген тарбияң
Кайырма:
Эркелетип кагыла
Коштуң адам сабына!
Канча кызмат кылбайын
Карыздармын дагы да
Көп жашачы апаке
Балдарыңдын багына!
Алкап турган ар качан
Мага кымбат ак батаң
Болбос эле арманым
Ак сүтүңдү актасам
Кайырма:
Эркелетип кагыла
Коштуң адам сабына!
Канча кызмат кылбайын
Карыздармын дагы да
Көп жашачы апаке
Балдарыңдын багына!
Көп жашачы апаке
Балдарыңдын багына!
Көп жашачы апаке
Балдарыңдын багына!




