Сагынам сени артыкча,
Сары алтын сендей келинди.
Сылык сүйлөп жылмайып,
Сылаган мандай теримди.
Санаадан кантип чыгарам,
«Садагаң» деген кебиңди.

Ойлонуп нечен толгоном,
Ошондо өткөн күнүңдү.
Оштонуп кыял көрсөтүп,
Оолжуп берген күнүмдү.
Оболоп учуп жетсем деп,
Ошондо созом үнүмдү.

Алыстан ашык күткөндүн,
Азабы артык жан экен.
Айттырбай тилди сайраткан,
Асылкеч жардын баркы экен,
Алыста болсо сүйүшкөн,
Абалтан калган салт экен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *