Сүйүп келген сүйүнүчтүү ушул күн,
Келди го деп биз эстеген айлуу түн.
Кучактайын кучагыма бек кысып,
Сүрдөнөмүн сенден, сүрдөнөсүң менден,
Кучактасам денем ысып.
Кайырма:
Эмне болот эми, аядың,
Эх, Нуриза, сүйүү баянын.
Алтын тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Эмне болот эми аядың,
Карындашым, сүйүү баянын.
Акактай тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Жолугуу күн белгилеп башка түнгө,
Эсте калар күн болсун деп жаш өмүрдө.
Кел, сүрөтчү, тарт сүрөттү сүйгөнүмө,
Бактылуулар табышкан деп,
Достор айтсын сүрөтүңдө.
Кайырма:
Эмне болот эми, аядың,
Эх, Нуриза, сүйүү баянын.
Алтын тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Эмне болот эми, аядың,
Карындашым, сүйүү баянын.
Акактай тишиң мага жаркырайт,
Ырдайынчы ырларым арнап.
Жашап келем чын сүйүүм калат.