Датасы: 07.01.2023
Формат: mp3

Жаным менин кызым
Жароокерим кызым
Жамалыңа жарашкан
Жанып турат жылдызың
Кызым кызым кызым

Сен төрөлдүң жаралып
Сезимге нуруң таралып
Учасың кызым ак куудай
Ууздай таза балалык
Бүгүн көздөн жаш тамып
Бойго жеттиң кызыгы
Башка үйгө жар болуп
Баратасың аттанып
Узатабыз кучактап
Урматтап турсаң ызыттап
Сендей кызды ыйгарган
Жаратканга ырахмат
Күйөө балам колуңа
Тапшырдык сулуу кызымды
Алган жарыңды барктап ал
Аймончоктой кызымды
Кызым кызым

Алганыңдын жары бол
Ак өргөңдүн шамы бол
Белин ийип чай сунган
Берекенин ары бол
Ата сөзүн керек кыл
Апа сөзүн себеб кыл
Кудаларды кубанткан
Көп небере белек кыл
Күйөө балам жүз жылдык
Кудаларым миң жылдык
Барктап алгын кызымды
Келин эмес кыз кылып
Колуңар такыр жанбасын
Кызыктуу жашоо жандасын
Бактылуу жаным болгула
Баарын кудай жалгасын



Тотомидин & Сурма — Кызым тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *