Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен.

Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле жерге топ кара чыйырчык келип конуп калат. 

Биринен-бири озуп оттоп жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу:

— Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөр элем, — дейт кичинекей чокчо сакалын сылап.

Анда ортончусу туруп:

— Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе кой союп, аларды ар дайым сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат.

Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы.

«Менби! Менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын-оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем», — деп жооп берет. 

Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат.

Сакалы тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең орундарынан атып турушат.

Ошондо карыя туруп:

— Менин атым — Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөрдө турсанар, мен силердин тилегиңерди орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп.

— Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз, — дешти үч бир тууган.

— Эмесе, силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер, тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды.

Экөө чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки короо кой жайылып жүрөт.

Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет. Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап:

— Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең тилеген үйүң, өмүрлүк жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак сакалын сылап коюп көздөн кайым болду.

Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине жетип, жашап калышат.

Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт. Бир күнү баягы карыя Убада жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип:

«Ошол жигиттерди барып сынап көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» — деп жолго чыгышат.

Алай-дүлөй бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет.

— Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат, отуңа жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт, — дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп.

Малына ээ боло албай убара болгон бай:

— Ушундай кымгуутта, койлор суукка чыдабай кырылып жатканда конок эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат.

— Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу байдыкына келет.

Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет. Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү.

Аларды көрүп жан алы калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө киргизип, аттарын отко коёт.

Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак-ашын берип аябай жакшылап сыйлайт.

Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп:

«Балам, урмат-сыйыңа чоң ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тигил агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн! — дейт таягын силкип.

Баягы жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп жашап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы60
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз19

УБАДАГА БЕК ЖИГИТ: 42 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *