Жарты нанымды болорум доке,
Мен үчүн канын төгөрүң доке,
Жаштыка салып жургөнбуз доске,
Жанылсам жолдон сөгөрүм доке,
Баскан жолуңду көрөрүм доке,
Байкаткан сыйдын көлөмүн доке,
Аманат келсе өлөрүм бир күн,
Өмүрүм болсо көмөрүм доке.
Досундун досу болот дейт доке,
Доор сүргөн өмүр толот дейт доке,
Ынтымак болсо ортодо доке,
Маанисин сөздүн огот дейт доке,
Душманын келсе жашындан дос бар,
Дубалдай бекем басылган дос бар,
Коодонун өзгөн ачылган дос бар,
Сары ойдон сага катылган дос бар.
Антташкан дос бар касташкан дос бар,
Катташкан дос бар такташкан дос бар,
Эшиктен кирсе макташкан дос бар,
Эшике чыкса жакташкан дос бар,
Сыйласа койун сойот дейт доке,
Таарыныч болсо жойот дейт доке,
Акырет күнү кыйналып турсам,
Сени үчүн сообун койот дейт доке.
Жакшы ыр экен маанилуу!