Алчадай жүзүң мөлт эткен,
Апаңдан башка өппөгөн.
Ала жаз сайган чырпыктай,
Анда сен он беш жашта элең.
Ажарың жүрөк өрттөгөн,
Айта алам кантип сөз менен?
Асманда айдай толукшуп,
Анда сен жыйырма жашта элең.
Ок байлап чалгын канатка,
Отузга келдик заматта.
Жайлоодо Чолпон өчкөндөй,
Жаштык кез калат каякта?
Улам биз алга шашабыз,
Улгайып бара жатабыз.
Ал мончок сүйкүм балдарга,
Азыр биз ата-апабыз.
Венера Назаралиева — Анда сен… тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 1092