Баатыр коён

Андан-мындан бир аттап, коён кайың-талды аралап келе жатты. Узун кулактарын делдейтип, шырп эткен дабышка элеңдей карайт. Бадалдын арасынан чымчык «пыр» деп учса, так секирип ыргыткан топтой кетет.

Ошентип келе жатып коён кашкулактын ийинине туш келди. Аны көрө коюп, жүрөгү болк этти. Бирок коёндо намыс бар эле. Ал башкалардан өзүнүн коркоктугун алынын жетишинче жашырчу. Бул жолу да кашкулакка сыр бербеди. Үнүн токтоо чыгарып:

‒ Иштер кандай, кошуна? ‒ дей салды.
‒ Кандай болмок эле, иштер жакшы, ‒ деди берки.
‒ Жумган көзүң ачылбайт, сенин жакшың ошол болсо,
жаманың кандай болду экен?
‒ Ээ, кошуна, ‒ деди кашкулак, ‒ мага сынтакканды
эмне кыласың. Жин тийген немедей тигинден-мындан бир көрүнөсүң. Саал
токтоороок болсоң болбойбу…

Баатыр коён 3

Коён кашкулактын сөзүнө териге түштү:
‒ То к т о о р о о к деп коёсуң. Сага окшоп үй күчүк болуп жатканча, серүүндөп басканым жакшы эмеспи. Тоо-токойду аралап, жер көрүп, ар түркүн айбанаттар менен аңгемелешип, аюу, карышкыр дегендер бар…

‒ Карышкыр?! Сен качантан бери карышкыр менен тааныш болуп калгансың?
‒ Сага окшоп ийинде жатсам, кайдан көрөм. Кашабаң менен нечен ирет кабышып, нечен ирет табыштык го!
‒ Аа, мобул из ошол кадырлуу досуң кашабаңдыкы го? ‒
деп өөдө караса, эми эле маңдайында турган коён жок. Тээ алда-кайда чымын-куюн болуп, калың бадалга сүңгүп бараткан экен.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •