Турмуштун тунук (ии) дайрасын (ии),
Толкутуп бирге (ии) кечели.
Тагдырдын сыры табышмак,
Түйүнүн бирге (ии) чечели.
Таалайлуу адам болду деп (ии),
Сүйгөнүм, тандагы гүлдөй өтөлү.

Океандай мелмилдеп,
Оюмда терен (ии) сыр жатат.
Сендеги назик (ии) жаш кыял
Сүйүүнүн дартын (ии) ырбатат.
Өзүндөн күткөн тилегим,
Сүйгөнүм, билбедим качан (ой) ишке ашат.

Санаамдан кетпей ар убак,
Сагынып жаздым бул катты.
Жашчылык, чиркин (ии), чыдатпай,
Жалындатып сыздатты.
Өмүрлүккө (ээ) сыйлашып,
Сүйгөнүм, өткөрсөк кантет кызматты.

Жазылган каттын (ээ) ичинде
Жалыны бар (ии) денемдин.
Жете билбей кадырга,
Жеңил бир баалайт дебегин.
Унутпаска шерт кылып,
Сүйгөнүм, ушул бир катты (oo) беремин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *