Датасы: 13.04.2024
Формат: mp3

Кандай жашап кандай жүрдүң
Барбы элге берээриң
Кайра өмүрдү жаша десе
Сүйүү үчүн келээрмин

Токто өмүр токтой турчу
Сендей кез менде эми
Тирүүлүктү сүйгөн үчүн
Кумар канбай келеммин

Кандай сыноо болсо дагы
Көтөрөмүн пендемин
Адам деген улуу атты
Бийик тутуп келгенмин
Сактап берген урпагына
Бак-дөөлөттү мурасты
Ак белинен багын тапкан
Кыргыз деген элденмин

Токто өмүр токтой турчу
Болсо өчүң суранам
Жашоону мен сүйгөн үчүн
Ар бир күнгө мен кубанам

Огу болуп тартылсам дейм
Тагдыр жазган жебенин
Санжырасы болсом деймин
Барктуу кыргыз элинин



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *