Таарынттым таарынычыңды жазасыңбы
Баштагыдай жанымда басасыңбы
Садагам кечиримди сурадым го
Же мага дагы деле капасыңбы
Уулугуп жанымды эмне кыйнайынбы
Байкатпай көз жаш төгүп ыйлайынбы
Башкаларга билгизбестен күлүп коюп
Ичимден оорукчандай сыздайынбы
Сен мени күлдүргөндөй күлбөй калдым
Сенчелик башкаларды сүйбөй калдым
Кыйнаган мына ушул сезимдерден
Сен жүргөн жерде тып-тынч жүрбөй калдым
Үсөн Абдыкерим уулу — Байкатпастан ыйлайынбы? тексти
Датасы: 27.06.2022 Көрүүлөр: 2756