Датасы: 28.02.2025
Формат: mp3

Таттуу бал кылыгың таттуу
Карабадың жанга оору батты
Жараладың жүрөгүмдү жаным
Менин жаным
Айтчы ойлойсуңбу мени
А мен ойлойм күнү түнү сени
Дем бересиң жүрөгүмө менин
Даарым менин

Кайырма:
Сагынам сени жаным гүл гүлүм
Багынар жүрөк багың болду ким
Жаныма кел дагы дагы
Дагы учуп келчи булбулум
Унутуу кыйын билем баардыгын
Кабыл ал жараткандын жарлыгын
Жүрөгүмдө дагы дагы
Гүлдөтчү дагы жан гүлүм

Таттуу бал кылыгын таттуу
Баалабадын таттуу ошол чакты
Сага карай жаным канат кагып
Сени тапты
Бирок унут дедиң мени
Жан сырымды айтам эми кимге
Барбы амалым болу үчүн бирге
Жаным бирге

Кайырма:
Сагынам сени жаным гүл гүлүм
Багынар жүрөк багың болду ким
Жаныма кел дагы дагы
Дагы учуп келчи булбулум
Унутуу кыйын билем баардыгын
Кабыл ал жараткандын жарлыгын
Жүрөгүмдө дагы дагы
Гүлдөтчү дагы жан гүлүм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *