Кайталанган,окшош күндөрүм
Күндө жумуш,кайра үйдөмүн
Тажаганда таштап өзүмдү
Кайра сүйрөдүм
Жамайын деп жыртык жеримди
Төгүп жүрөм маңдай теримди
Сабыр менен бууп үйрөндүм
Бышык белимди
Буйруп койгон экен бактыма
Моюн сунуп койгон шартыңа
Ырыскымды термелеп жүрөм
Сенде Москва
Жазып койгон экен бактыма
Жашым тогуп,жаздык астына
Жакындарым сагынып жүрөм
Сенде Москва
Кылыгына тойчу кез келип
Эзилбедик,эркелетпедик
Өз балдарын сагынып жүргөн
Барбы менчелик
Сенде жүрүп өгөй баладай
Бир урунуп,бирде кагылдым
Өз үйүм,өлөң төшөгүмдун
Жытын сагындым
Бул күндөр да өтөр-кетер деп
Ана кетем,мына кетем деп
Арабасын сүйрөп турмуштун
Жүрөм чет элдеп
Эки көздүн жашын кылгыртып
Бирөө кетсе ээрчигин келет
Мен да бир күн,Кош бол Москва
Дечү күн келет