Сөзү, обону Элдики

Жайнайсың, жайдын гүлүндөй
Жаштыгың шайдын түрүндөй. 
Шаңк этип күлүп койгонуң, 
Шактагы булбул үнүндөй.

Жаркыраган сулуу жаш, 
Моймолжуган кара каш. 
Жыргалдуу ушул турмушта, 
Жадырап жайнап көңүл ач.

Келгисин жаштардын,
Кеңештин ишин аткардын. 
Келбеттүү көзүң, чачырап, 
Кейитип башка дарт салдың.

Элесиң көзгө көрүндү,
Элирип көңүл бөлүндү. 
Эрмегим болсун ушу деп,
Элимден сүйдүм өзүңдү.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *