«Жалган сөз сени жарытпайт, чындык сөз сени карытпайт»
Илгери-илгери бир замандарда бир бай бирок, абдан саран соодагер акча салган кутусун жоготуп алат экен. Илгери акча чөнтөккө салынчу эмес экен. Соодагер кайсы жерди карабасын кутусун таба албай коёт. Аягында айласы кетип, тегеректегилерге кабар кылат. Кутуну таап алганга жүз алтын акчалай сүйүнчү берээрин да жар салып айтат. Муну уккандардын баары анын алтын кутусун издөөгө киришишет. Арадан үч-төрт күн өткөндөн кийин бир айылдык киши кутуну таап келет да:
— Мынакей сиздин акча кутунуз, мен таап алдым,- деп соодагерге берет.
Соодагер сөз бергенине карабай сүйүнчүгө деген жуз алтын акчаны бул адамга бергиси келбей коёт. Кутудагы акчасын эсептейт да, айылдык кишиге карап:
— Мунун ичинде мин алтын акчам бар болчу. Азыр эсептедим, тогуз жүз эле алтын калыптыр. Демек, калган жүз алтынды сен алыптырсың! Кана ал алтындарым? — деп сурайт.
Myну уккaн кутуну таап алган киши соодагерге аябай таң калып, анын жалаа жапканына жинденет да:
— Сүйүнчү акчаны бербегенин аз келгенсип, мага жалаа жапканын кандай иш? Токтой тур, сени мен сотко барып, айтып арызданбасам! — деп кетип калат. Ошентип ал адам сотко барат. Сот экөөнү тең чакырып, алгач алардын айткандарын угуп көрөт. Айылдык киши башынан өткөндөрдү айтып:
— Мен бул соодагердин акча кутусун таап алдым эле. Бирок аны ачып караганым да, акчасын санаган да жокмун. Мага сүйүнчү жүз алтынды бербегени аз келгенсип, кайра мага жалаа жаап жатат. Урматтуу сот, эми мени ууру дегиси бар мунун! — дейт.
Ал эми соодагер болсо:
— Улуу Урматтуу сот! Кутучага мин алтынды мен салганмын. Анан кантип тогуз жүз калганын билбей турам. Бул кутучаны таап алган адам жүз алтынды алды деп ойлоп жатам, — дейт актана.
Анда сот:
— Ммм… мына ушундай дениз соодагер мырза! Сиздин акча кутунузда мин алтын бар болгон болсо, мында деген тогуз жүз эле алтын бар экен. Демек бул акча кутусу сиздики эмес. Мунун ээси табылганга чейин бул куту бул айылдык кишиде туруп турат, — деп чечим чыгарат.
Мына ушинтип саран соодагердин жалган сүйлөгөнү билинип калат да, жалганын мойнуна алганга аргасыз болот. Айласы кеткен соодагер сүйүнчү акчасын тигил куту тапкан адамга берип, акча кутусун алыптыр. Анан уялганынан унчукпай жолго түшкөн экен.