Өтөт өмүр токтотууга бир күч жетпейт
Түбөлүктүү эч ким жашап калган эмес
Ар бир күнүң майрам болуу өтө шаңдуу
Соолубаган көңүл болсо ошо жетет
Кайырма:
Жаңылбас адам болбойт кайрат үзүлөт
Соз кылып жаман көрбө аны күнөөлөп
Колдон келсе кечирип кой жакшы сүйлөп
Анткени сен да бир күн жаңылып калып
Ошондо ойлоносуң өткөндүн баарын
Сыйлап жашап алыссыңбы жакынсыңбы
Кеп кыларда башка адамдын кемтик жерин
Өзүңдү ойло кайра сага сөз тийбесин
Ойлоп көрсөң сен сөз кылган адам менен
Жер тоголок акыр бир күн кезигерсиң