Өмүр — дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым отуз чактан өткөндө?
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым кырктан өтүп кеткенде?
Жашоо — жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.
Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?
Караганда көзүңдөгү карекмин,
Каалаганда бышып турган данекмин.
Чагып жебей, өстүрүп же даанымды,
Чамам бүтсө, чал катары керекмин.
Жаныш Кочкоров — Өмүр дайра тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 33094
Кечкенде кечкенге эмес.