Сөзү, обону Элдики

Ойноп (бир гана) кимдер күлбөгөн,
Оюнду (гана) кимдер сүйбөгөн.
Канткенде (гана) жигит албасын,
Ак алма (гана) турса (а) бүрдөгөн.

Чымчык (бир гана) ашык гүлдөргө (а),
Чындыкты (бир гана) айтып (а) сүйлөргө.
Чыдатпайт (гана) экен (а) жаш көңүл,
Чындап (бир гана) күйгөн (а) сүйгөнгө.

Келсе (бир гана) колдон (аа) каухар таш,
Керек (бир гана) экен (аа) алтын баш.
Талап (бир гана) кылган (ээ) макулдун,
Тапса (гана) жигит (ай) басылбас.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *