Ата-энемди алдыңызга алып барайын,
Ата-баба салтын улап, сөйкө салайын.
Ашык болгон бир жигиттин багын байлабай,
Сынап көргүн, сындан өтсөм анан алайын.
Кайырма:
Гүлүм кайнене,
Менин күнүм кайнене,
Күлкүсүнөн нур төгүлгөн.
Айдай кайнене, айдай кайнене,
Ашыгымды алып келген алтын кайнене,
Ак батаңды аябастан бергин, кайнене.
Алда качан кызыңызды көндүрүп алгам, сүйдүрүп алгам,
Мен да ага ашык болуп арбалып калгам, байланып калгам.
Жан дүйнөмдөн орун алса, гүлдөй кызыңыз.
Анан кантип ыр ырдабай коём, кайнене?
Жоодарбешим — Кайнене тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 533