Датасы: 26.09.2020
Формат: mp3

Күздүн супсак күңүрт баскан таңында,
Келем жалгыз биз жолукчу кайыңга.
Кур кыялдар алып учат сезимге,
Күн элесиң турган өңдүү жанымда.
Баш коё албай өкүмүнө тагдырдын,
Бала сымал дүйнөм ыйлап кыйгырдым.
Башка жанды жандай басып көктөмдө,
Муздак күздө неге кайра кайрылдың.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Ырым болбой муңум болуп бүтпөгөн,
Күндөр өтчү сенден күдөр үзбөгөн.
Өзүмдү алдап унутайын дегенде,
Кайра келдиң саргайыңкы күз менен.
Сендик сүйүү запкысынан эзилген,
Нур издейсиң түнгө түшкөн сезимден.
Кечир, гүлүм, өчтү биздин арзуулар,
Сунган колуң кармай албайм эми мен.
Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *