Түнөрбөгөн ынагым, ай ынагым,
Күн кезиккен себепсиз.
Бакытка, күйүткө, ай күйүткө,
Биз экөөбүз себеппиз
Кайырма:
Түгөйүм, ай түгөйүм,
Жаз гүлүндөй гүлдөгүн.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Балын ичели өмүрдүн.
Шерик болгун өмүр,
Муз салбагын көңүлгө.
Тирөөч болуп өрүүдө,
Орток болгун өмүрдө.
Кайырма:
Келди бизге жылуулук,
Өчүрүп аны албайлы.
Жаман өттү өмүр деп,
Өксүүдө биз калбайлы.
Кайырма:
Жумагүл Раимжан кызы — Түгөйүм тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 3941