Эртеден кечке жумуштан кетпей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.
Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.
Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-акыл, насаатын айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.
Сый-урмат көрүп, узакка жашап,
Журтуңдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Кадырлап жүрсүн кыргыздын эли,
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли.
Атама ыры мага раза жакты эң жакшы ырларды чыгарган мага бул ырлар кунуго зеригип кетсем иш кылсам угам эс алганда угам мага ушу ырдар жагат