Карындаш, астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү ала албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн?
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак ууртунда,
Уяча бар эле.
Кечиргин, карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас.
Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да.
Сүйгөнүм бар эле,
Жүрөгү башкача.
60’K тобу — Кечиргин карындаш тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 413