Кечигип жылдардын бир жылдарында,
Кезикти сүйүү оту кумарыма.
Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү,
Сактадым өмүрүмдүн акырына.
Булуттар арасынан сени издеймин,
Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин.
Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай,
Махабат көлүнө мен чөгүп келдим.
Буйругу бөлөк болуп турса дагы,
Буулугуп сени издейми ай-жылдары.
Тагдырдын тамашасы арсыз тура,
Таалайга жазып койгон бакыт мына.
Кайырма:
Эки жаш дарак болуп бийик өссө,
Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө.
Жарашып турса жашы бактысы да,
Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө…
Кайырма:
Кенже Көбөкова — Кечиккен сүйүү тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 88675
Сонун аябай жакты
Сонун ыр