Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билгениң жок калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Жайлоо гүлүн терип жүрдүк кубанып,
Кеттиң, жаным, калдым өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Чырак сындуу жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем кирпигиңден нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүм жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.