Бакыттын ыйык гүлүн
Махабат денизинде
Арман ай үзө албадык
Эрчишип сүзө албадык.
Жанаша канат кагып
Арман ай, уча албадык.
Сезимдин сересинен эй
Эмнеге чыга албадык.
Кайрылбай сүйүү кушу
Арман ай учуп кетти.
Ансыз да ыза толгон
Санаамды бузуп кетти.
Жанында эриш аркак
Арман ай боло албадым.
Копуруп көөдөнүнө эй
Көлкүлдөп толо албадым.
Жанында болот эми
Арман ай башка бирөө
Тушунбойм эмне болдун эй
Деги айтчы кимде кунөө
Билбеймин эми сенсиз
Арман ай, кантип жашайм.
Жок болгон жан дүйнөмдү
Кайра мен кантип жасайм.
Бек Борбиев — Ак сүйүүм тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 11273
Бакыттын ыйык гулун
Арманай узо албадык (болуш керек еле)
Бул жерде мындай:
Бакыттын ыйык гулун
Махабат денизинде
Автору ким екен