Вованын стөлүнүн үстүндө Калемсап жашаптыр. Бир күнү Вова уктап жатканда, үстөлгө чычкан чыгып келди. Калемсапты кармап көрүп жана уясына сүйрөп кетти.


Кое берчи мени, суранам! Калемсап жалынып ийди. — Мени эмне кыласың? Мен жыгачмын, мени жегенге болбойт.
— Мен сени кемирем!- деди чычкан.
— Менин тиштерим кычышат, мен бир нерсени дайыма чайнап турушум керек. Мына ошондой! — Чычкан Калемсапты оорутуп тиштеп алды.

-Ой,- деди Калемсап. — Анда мага акыркы жолу бир нерсе тартуу үчүн убакыт бериңиз, андан кийин каалаганыңызды жасаңыз.
-Макул, -деди Чычкан, — тарт! Бирок баары бир мен сени кичинекей бөлүктөргө бөлүп кемирип коём.

Калемсап оор үшкүрүп, тегерек сызды.
— Бул сырбы? — деп сурады чычкан.

-Балким сыр,- деди Калемсап жана дагы үч кичинекей тегерек тартты.
— Албетте, сыр жана бул анын тешиктери, — деп Чычкан боолголоду.

-Мүмкүн тешиктер, — деп Калемсап макул болуп, дагы бир чоң тегерек тартты.
— Бул алма! — деп чычкан кыйкырды.

-Мүмкүн алма, — деп Калемсап мындай узун тегерекчелердин бир нечесин тартты.

-Билем, бул колбасалар! — деп Чычкан кыйкырды, эриндерин жалап, — Болду, тез токто, менин тиштерим аябай кычышып атат.

— Бир аз күтө туруңуз, — деди Калемсап.
Ал бурчтарды тарта баштаганда, Чычкан кыйкырды:
— Бул мы… ка окшошуп атат. Тартпа болду!

Калемсап чоң муруттарын тартып койгон …

— Ооба, бул чыныгы мышык! — деп корккон Чычкан чырылдады. — Сакта! — жана уясына чуркап жөнөдү.

Андан бери Чычкан мурдун ошол жерден көрсөткөн жок. Ал эми Вованын Калемсабы азыркыга чейин жашап келет, болгону ал ушунчалык кичинекей болуп калды.
А силер достор ушундай чычкандар корко турган мышыкты калемиңиз менен тартканга аракет кылыңыз.