Жаным сүйүп жандай көргөн жар элең
Маңдайымда күйүп турган шам элең
Сен бир булбул бутагымда сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү тал элең.
Кырчын талдын ким кыйды экен бутагын,
Боз туйгунга ким жайды экен тузагын.
Өсүп, өнгөн сүйүү таттуу гүлүңө,
Кандай душман суу ордуна уу жайдың.
Ойлоп, ойлоп ой түйүнүн чечкенде,
Сынга толуп сыпатыңды сезгенде.
Мен өзүмдү сага бермек болгомун,
Өмүрлүккө белек кылып эскерме.
Түтүнү жок өрткө түшкөн жүрөгүм,
Сен да мендей абалдасың билемин.
Качан келет сапарыңдан деп жүрүп,
Сагынгандан саргаят го иреңим.
Ысык күндө көлөкөңдө уктайын,
Суук күндө сөөлөтүңдөн чыкпайын.
Бери келчи кадимкидей эркелеп,
Бек кучактап алкымыңдан жыттайын.