Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулуп кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.
*– Туяк акын (1856-1912)*