Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Жаны / Новинки
  • Жыйнактар / Сборники
  • Эн мыкты / Лучшая
  • Ырчылар / Исполнители
  • Ырлар
    • Ырлар 2021
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне, апа жонундо ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Мекен ырлары
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шандуу ырлар
    • Орусча ырлар
    • Жениш куну, 9 май жонундо ырлар
    • Казакча ырлар 2021-2022
    • Жаз жонундо ырлар
    • Мусулман ырлары
    • Озбекче ырлар
    • Балдарга ырлар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Кыргызча минусовка
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Жарнама/Реклама
  • Рекламасыз / Без рекламы
  • Facebook
Биздин сайтты смартфоңузга көчүрүүп алыңыз

Жаңы кошулду

  • Нарынбек Калыбаев — Салам сага Москва тексти 19.04.2023
  • Жыпара Исаева — Бактыма тексти 19.04.2023
  • Умутай Абдышова — Жашоону сүй тексти 19.04.2023
  • Айбек Касымов — Айылымды сагындым тексти 19.04.2023
  • Гүлнара Калдарова — Ак тилек тексти 19.04.2023

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Азиза — Көк жылгаяк тексти(138)
  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(52)
  • Кызсайкал Кабылова - Кусалык тексти(31)
  • Кенже Көбөкова — Кечиккен сүйүү тексти(29)
  • Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти(24)

Кокусунан тандалган

  • Өктөм Сапар уулу — Менин махабатым
  • Таалай Бектурганов — Махабатым арманым тексти
  • Манас Абдрахманов — Мекенди сагынуу тексти
  • Бакыт Мамаев — Кыргыз кызы
  • Кой менен карышкыр

Жаңы комментарийлер

  • Аноним к записи Туулган күнгө ырлар
  • Аноним к записи Гулнара Кахарова Балама тексти
  • Света к записи Айбек Касымов — Эңсөө тексти
  • Соничка к записи Улан Осмон уулу — Сүйкүм элес тексти
  • Аноним к записи Түгөлбай Казаков — Жамгыр төктү тексти

Жумадагы топ ырлар

  • Айжамал Кабылова — Жан, жан (remix) тексти(8)
  • Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти(7)
  • Айбек Касымов - Кымбатым тексти(4)
  • Айжамал Кабылова - Ал-Аял тексти(3)
  • Асель Кадырбекова — Сага айтайын тексти(3)
  • Кенже Көбөкова — Сезим ыры(3)
  • Нурзамат Иманалиев - Суйом деп айталбадым тексти(3)
  • Роза Аманова - Ак куу тексти(3)
  • KG Эльмурат — Кечир тексти(2)
  • Айбек Касымов - Эңсөө тексти(2)

Кыргызча ырлар » Азиз Батыров

Азиз Батыров — Акыр заман тексти

Датасы: 19.11.2021 Көрүүлөр: 3298
 Рекламаны алып салуу / Удалить рекламу
  1. play

    Акыр заман тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.

Акыр заман болоордо
Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.

Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.

Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.

Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.

Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.

Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.

Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.

Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.

Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.

Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.

Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.

Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.

Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.

Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.

Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.

Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.

Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулуп кылат катының.

Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.

Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.

Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.

Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.

Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.

*– Туяк акын (1856-1912)*

Сизге балким булар жагат?

  • Азиз Батыров — Көңүлүм көксөп турат бир адамды тексти
    Азиз Батыров — Көңүлүм көксөп турат бир адамды тексти
  • Азиз Батыров — Буракжан
    Азиз Батыров — Буракжан
  • Азиз Батыров — Ата-энеңди көзү барда сыйлай жүр! тексти
    Азиз Батыров — Ата-энеңди көзү барда сыйлай жүр! тексти
  • Азиз Батыров — Чыңгыз Айтматовго тексти
    Азиз Батыров — Чыңгыз Айтматовго тексти

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *

Ырлар жыйнактары

Жаны ырлар
Жыйнактар
Эн мыкты
Ырлар 2021
Ырлар 2020
Хит
Той
Эски
Шаңдуу
Кайгылуу
Энелерге
Аталарга
Кыздарга
Кичинекей балдарга
Мугалимдерге
Сүйүү
Мекен
Айылым
Туулган күнгө
Күз
Кыш
Аккордеон
Комуз
Гитара
Орусча
Өзбекче
Казакча
Мусулман
Facebook жазылыңыз   Жаны/Новинки  Жыйнактар/Сборники  Эн мыкты/Лучшая  Ырчылар/Исполнители  Жомоктор  Аудиокитептер  Жарнама боюнча   Бесконтактные термометры 1150сом   Автордук укук ээлерине  © 2003-2023. Kyrgyz-Audio.com порталы.   Бул сайт AlmaSoft.Biz тарабынан жасалган.   Бизге жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.   Kyrgyz-Audio.com сайтынын Android тиркемеси