«Бирөөгө ор казсан кенири каз. Анткени ага озүн түшүп калышың мүмкүн»

Илгери- илгери бир карышкыр бир күнү чон койду кармап алып, аны ийинине киргизип алат. Анан өз оюнда: «Мына эми көп убакытка ийинимен чыкпай курсагымды кампайтып тойгуза берем» деп ойлонот.

Ошол учурда жакын арада жүргөн түлкү кой этинин жытын сезип калат да, карышкырдын ийининин жанынан айланчыктап, кетпей жүрүп алат.

Анан куу түлкү карышкырга:

— Карышкыр дос, аябай бакубат көрүнүп турасын,- деп мактап да жиберет. Бирок түлкүнүн бул айлакер мактоосу карышкырдын жүрөгүн жибитпей коет.

Ачууланган карышкыр митайым түлкүгө:

— Эй түлкү! Кеткин бул жерден! Сенин кандай айла-амал ойлоп жатканынды билип турам. Сенин оюндун баары эле бир тиштем кой этинен алуу. Дагы бир аз убакыт ушул жерде турсан кой этин эмес менин азуу тиштеримди жеп каласын, — дейт.

Түлкү аябай жаман абалда болуп ал жерден алыс кетип калат. Бирок митайым түлкү үйүнө барбай түз эле чабандын жанына барат. Чабан алыстан эле түлкүнү көрүп, таягын даярдай баштайт. Бирок түлкү куйругун шыйпандатып, жакшы кабары бар сымал белги берет. Анан чабандын жанына барат да:

— Оо улуу урматтуу! Сизге жакшы кабарым бар. Мага бир ууртам тамак берсениз баарын төкпөй-чачпай айтып берем, — дейт.

Чабан түлкүнүн астына бир тиштем эт таштайт. Куу түлкү аны жеп бүткөндөн кийин чабанга:

— Жанагы айлакер карышкыр сиздин койду уурдап барып, азыр ийининде аны жегени жатат. Кааласаныз барып, аны оной эле кармап алсаныз болот, — дейт да чабанды карышкырдын ийинине ээрчитип барат.

Ошентип алар ийинге жетээрде карышкыр качып жөнөйт. Чабан качып бараткан жеринен карышкырды эки жолу таягы менен уруп, жерге кулата коёт. Түлкү дароо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ийинге кирип, койдун этин тытып жеп кирет. Жеп жатып кулагына иттердин үргөнү угулат. Шашкалакта ган түлкү уккан кулагына ишене албай кетет. Көрсө чабандын иттери чабанды издеп ызылдап келип калышкан экен. Куйругун түйгөн түлкү бир маалда иттерден дароо качып жөнөйт. Бирок иттер куу тулкунун артынан түшүп, ага жетип барып, талоонго алып киришет. Акыры түлкү эптеп жатып иттерден кутулат. Иттерден араң жанын куткарып чыккан түлкү:

— Oxx! Чынында мен муну өзүм кааладым. Бирөөгө казган орго өзүм түштүм. Мындай кылбашым керек болчу. Зыян тарткан эле өзүм болдум, — деп кыншылап ыйлаган экен.

Адилеттүү болуу - Тузакка түшкөн түлкү 2

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Көмөч нан (колобок) жомок25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор23
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Адилеттүү болуу — Тузакка түшкөн түлкү: 11 комментарий

  1. Мага жакты эн сонун кыргыз тилден тапшырмаларды да чыгарып иштеп берсениздер эн сонун болмок

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *