«Барга ыраазы болбогон азга да каниет кылат»

Токойдогу көлдүн суусунда ары-бери басып жүргөн узун буттуу илегилек суу ичинде жүргөн балыктарга тамшана карап отурса, бир маалда анын эки бутунун арасынан бир сазан балыгы өтүп калат. Сазан аябай семиз, бирок картан болчу. Илегилек аны карап туруп:

— Семизи семиз эле экен, бирок картан экен. Жок, жок, мен мындан да жакшыраагын кармап жеймин, — деп ойлонот.

Ангыча илегилектин жанынан эми чортон балык өтөт. Бул балык башын саздактан чыгарып, ары-бери карап жаткан болчу. Аны кармоо илегилекке анча деле оор болмок эмес. Бирок илегилек болсо, аны да жактырбай:

— Карып калыптыр, эти да катып калгандыр. Мен андан көрө андан таттуураак тамак табайын — деп коет.

Мына ушинтип илегилек кечке чейин тамак издеп айланып жүрө берет. Күүгүм киргенде илегилектин курсагы ача баштайт. Бирок бул учурда балыктар көрүнбөй жоголуп кетишкен эле. Алар кеч киргенде терең суулардын астына жашынып алышкан болчу.

Ошентип илегилектин аябай курсагы ачып, ар кайсы жактан балык издей берет. Анан эртеден бери бутунун арасынан өткөн балыктарды эстеген сайын курсагы курулдайт.

Акыры жалбырактын үстүндө турган үлүлдү көргөндө кубанычы койнуна батпай кубанып кетет. Мурда ал үлүлдү таптакыр көзгө да илчү эмес эле. Азыр болсо так ошол үлүл курт дүйнөдөгү эң таттуу тамак катары сезилгенин өзү да байкабай калат.

Кантсе да «Дуйнөдөгү эң кыйын нерсе — бул ачкачылык» деп бекеринен айтылган эмес экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы57
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Каниет кылуу — Илегилек: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *