Бирде карап, мен суктангамын
Бирде сени мен кызгангамын
Бирде «сүйөмүн» деп айткамын
Сагынып, сени сагынып
Бирде сени мен жек көргөмүн
Бирде өзүмдү көп сөккөмүн
Бирде «жалгызым» деп өпкөмүн
Сагынып, сени сагынып

Кайырма:
Убакыт өтүп арадан
Унутуп мен баратам
Эргүү келип сезимге
Эстеген сайын, эстеген сайын дагыдан

Баарын унутам, баарын унутам
Жылмайсаң
Сага гүл сунам, сага гүл сунам
Жылмайсаң
Кандай керемет, кандай керемет
Жылмайсаң
Мага дем берет, мага дем берет
Жылмайсаң

Алыс болсоң да – жаныңдамын
Кайда жүрбө, мен каныңдамын
Канткен менен, эң кымбаттуу
Адамымсың, адамымсың

Кайырма:
Убакыт өтүп арадан
Унутуп мен баратам
Эргүү келип сезимге
Эстеген сайын, эстеген сайын дагыдан

Баарын унутам, баарын унутам
Жылмайсаң
Сага гүл сунам, сага гүл сунам
Жылмайсаң
Кандай керемет, кандай керемет
Жылмайсаң
Мага дем берет, мага дем берет
Жылмайсаң

Сен жылмайсаң – мен ыраазымын
Сен кубансаң – мен кубанамын
Сен жыргасаң – мен да кошо жыргаймын
Сен кайгырсаң – мен да кайгырам
Сен сагынсаң – мен да сагынам
Сен бактылуу болсоң – мен да бактылуу
Бактылуумун, бактылуумун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *