«Өзүндү эр ойлосон, бирөөнү шер ойло»
Түлкү адатынча эртең менен ойгоноору менен улуп алды да, анан жегенге тамак издеп шыйпандап жөнөдү. Ал баратып: «Үйүрүнөн адашып калган козу-улак болсо жейм го деп айлананы тегерете бир карап алды. Анан жер шимшилеп баратты.
Ошентип ал кара тамактын камын ойлоп, ар кандай ой менен баратып, кайда келгенин билбей да калды. Бир маалда башын өйдө көтөрүп караса эле астында килтейген чок чонташтар турат. Анан куу түлкү ири жумуру ташка барып тийишкенсип бир тийди. Анан ал таш унчукпай калганынан кайра ташты маскаралап, дагы бир тийди да:
— Айтчы, эй семиз, жумуру таш, сенин басканына караганда томолонгонун оноюраак болуш керек ээ. Барчу жерине да тезирээк барасың го дейм, -деп келекелеп жатты.
Буга чыдабаган таш айым:
— Сен кайсы арына мени минтип келекеге алып жатасын? Мени маскаралаганга сенин кандай укугун бар? Мен сага кандай гана акылдуу экенимди көрсөтөйүн, — деди жини келип.
Бул ташка тан калган, кандай акылдуу экенине кызыккан түлкү:
— Анда бул жерде жарышалы. Кана кимибиз акылдуу, зээндүү экенибизди көрөлү,- деди.
Таш айым макул болду. Ошентип экөө жарыша турган болушту. Бир маалда түлкү чуркоого белги бериле электе эле чуркаган бойдон жөнөдү. Мына ушинткен түлкү тим эле тызылдап чуркады дейсинер… Келген жолунун жарымын кайра бир заматта басып өтүп койду.
Ал эми таш айым болсо акырын гана кыймылдап баратты. Марага жетейин дегенде түлкү байкуштун такыр чуркаганга алы калбай калды. Таш айым жанагы эле ылдамдыгын жоготпостон түлкүдөн ашып өтүп кетти. Мына ушинтип текеберленген түлкү байкуш артта калып калды да, бул жарыштан чон сабак алыптыр. Мына ушундан кийин түлкү өзүнөн да кыйындар бар экенин түшүнгөн экен.