«Жакшылык адамдарды байланыштырып турган бекем чынжыр»
Илгери-илгери бир замандарда бир падыша жашаптыр. Бул падыша адилеттүүлүгү менен бүт ааламга таанылган адам экен. Ушул адилеттүү падышанын мээримдүү кызы болуптур. Аны баардык эл жакшы таанышчу жана жакшы көрүшчү эле.
Бир күнү ханыша суу жээгинде сейилдеп жүрсө, үч курбака, үч эл кайда көчөт, үч көпөлөк ойноп жүрүптүр. Ханыша аларга сүйкүмдүү карап:
— Эхх! Силер кандай гана кереметсинер!- деп мактоо сөзүн айтат.
Алар бир нерсе издегендей кыймылдап жатышкан болчу. Ханыша кайра аларга кайрылып:
— Эмне издеп жатасынар, эмне жоготтунар?- деп сурайт.
Курбакалар кызга карашып:
— Биз жашыл тактарыбызды жоготтук ошону издеп жатабыз. Эми эмне кылабыз, дешсе, эл кайда көчөттөр:
— Биз болсо кара тактарыбызды жоготтук. Эч ким биздин эл кайда көчөт экени бизге эми ишенбей калышат,- дешет.
Ханыша булардын айткандарын угуп анан таң кала көпөлөктөрдөн:
— А силер эмне жоготтунар?- деп сурайт.
Анда көпөлөктөр:
— Биз болсо эч нерсе жоготкон жокпуз. Бирок биздин канаттарыбыздын устунде түрдүү тактарыбыз жок. Ошондуктан кооз көрүнбөй жатабыз, -дешет даттанышып.
Булардын айткандарын угуп ханышанын аларга боору ооруйт да, кантип жардам берсем экен деп катуу ойго чөгөт. Анан оюна бир укмуш пикир келет. Ханыша бул кичинекей жандыктарга карап:
— Силер мени күтө тургула. Мен азыр келем. Кетпегиле эч жакка,- дейт да үйүн көздөй чуркайт.
Ханыша ошентип үйүнө барат да, түрдүү түстөгү көйнөгүн кийип кайра келет.
Көйнөгүндөгү кызыл түстөрдү көпөлөктөргө, жашыл тактарды курбакаларга, кара тактарды болсо, эл кайда көчөттөргө белек кылып берет.
Мына ушинтип кичинекей жандыктар каалагандарына ээ болуп калышат. Баарынын жүздөрү жылмайып, кубанычтарында сөз жок эле. Алар суйкумдүү ханышага чексиз ыраазы болушуп, өйдө-ылдый учушуп, жыргап калышыптыр.
Ал эми ханыша кичинекей жандыктарга жардам бере алгандыгы үчүн өзүнө аябай ыраазы болгон экен.
Албетте, эгер адам бирееге жакшылык кылса, анда езу да бактылуу болооруна ишенуу керек.
Жакты