«Жасаган иши менен мактанган акылы темен инсандардын белгиси»

Бир короодо бир чаар-ала тоок жашаган экен. Ал тоок бир күнү таң эрте менен бир жумуртка тууптур. Бир жумурткалуу болгонуна сүйүнгөн чаар-ала тоок короону жарып какылыктай баштаптыр. Анан короодо жашаган канча жандык болсо анын баарына жумурткасын айтып мактанат экен.

Ал жада калса короонун жанындагы көлмөгө барып, анын жээгинде да какылыктап мактанып жатты. Келмеге бара жаткан жолдо да баарына мактана какылыктады. Бул какылыктаган үндөн сууда жашаган балык акыры тажады да, суудан чыга калып:

— Эй какылыктаган тоок! Жетет! Бир жумурткага да ушунчалык мактанасыңбы? Мына мен да кечээ эле сууга толтура жумуртка таштадым. Мактанбай эле тыптынч эле жатам го. А сен болсо бир жумурткага ушунча мактанасың?!.. Мактана берген жакшы сапат эмес. Мындан кийин укпайын!- дептир аябай жинденип.

Балыктын бул айткандарынан кийин чаар тоок бир аз ойлонуп, мактанчаактык жаман мүнөз экендигин билип, мындай адатын таштаган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы59
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Кырк калп жомок18
Акылдуу балдар15
Акылдуу кыз13

Один комментарий к “Текеберлик — Чаар-ала тоок”

  1. темен — төмөн болот
    келмеге- көлмөгө болот
    чаар-ала — чаар ала болуп жазылат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *