«Ким иштесе, ал тиштейт»

Илгери-илгери бир дыйкан жашаптыр. Анын кылган иши бир эле дыйканчылык экен. Убакыт өтүп, акыры дыйкан картайыптыр. Ал эле эмес ден соолугу да улам начарлап, акыры төшөккө жатып калат экен. Мындан ары жерди иштете албашын түшүнөт да, балдарын топтоп:

— Балдарым, мен эми мындан ары дыйканчылык кыла албаймын. Өмүрүм да аз эле калды окшойт. Ошондуктан мени жакшылап уккула. Айдоо талаабызда бир катылуу казына бар. Мен өлгөндөн кийин ал казынаны таап алсанар болот деп болгон насаатын айтат.

Бул насаатын айткандан кийин көп өтпөй дыйкан бул дүйнө менен кош айтышат. Балдары болсо, атасы айтканка зынаны издөө максатында талааны казып казынаны издей башташат. Тилекке каршы дыйкандын балдары канча издеген менен алтын да, казына да таба алышпай коюшат.

Ошентип талаанын баары казылган бойдон калат. Арадан көп күн өткөндөн кийин дыйкандын балдары эгин талаасына келишет. Алар алтындай сапсары болуп ыргалып турган буудайларды көрүшөт. Мына ошондо гана алар атасы айткан казына ушул экенин түшүнүшөт.

Демек адам адал эмгек кылса, алтын казынадан да баалуу байлыкка жолугаары чындык тура. Ата-бабаларыбыз дагы бул туурасында «Иштесен тиштейсин» деп бекеринен айткан эмес.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы61
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *