Датасы: 02.07.2022
Формат: mp3

Ардактап өмүр берген
Бейишим апам
Ааламдай ичи кенен
Деңизим апам
Ажараың аткан таңдай
Мээримиң океандай
Жашоомдун сен түзөсүң
Негизин апам

Кайырма:

Апакем ай күнүм айым
Бизди багам деп
Тарттың канча убайым
Атыңдан кагылайын
Жадырап күлүп дайым
Оорубай узак жаша
Ылайым
Апакем ай күнүм айым
Балдарың үчүн тартын канча убайым
Төрүмдө болуп дайым
Оорубай узак жаша
Ылайым

Ак сүтүн актасам дейм
Алтын апакем
Жүзүндөн бакыт нуру
Тамсын апакем
Дем берем батаң улам
Ийилип таазим кылам
Дүйнөдө теңдеши жок
Жансың апакем

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *