Жок жерден болбогондой көбү себеб
Жашоого келгениңдин өзү белек
Толкугун канат байлап жыргаганың
Алдыда кызыктар көп ырда демек
Бакыттын өзү эмесби жашоо деген
Балы бар багаары бар төрү кенен
Жашагын байкап көргүн сезгин даамын
Иштесең ширеси бар сыры терең
Сыр болуп улам сени сындаганы
Эркелеп жакын көрүп жыргаганы
Жаралып калганыңа кубана бер
Келгенбиз бул дүйнөгө ырдаганы
Умутай Абдышова — Жашоону сүй тексти
Датасы: 19.04.2023 Көрүүлөр: 72740
Ыр деп эле ар деке дей береби
Бул дуйного ыраш учун эле келгенбизби башка максаты жокпу