Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып, эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?
Кайырма:
Назданып эркелесең,
Берерге жаным даяр.
Артылып арзуум сага,
Махабат багым даяр,
Махабат багым даяр…
Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Жаштыгым өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп-жанам.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?
Кайырма:
Устундо Кун болуп тийип Турсан деген жер Кулуп болуп деп калыптыр