Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган.
Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар,
Каным менен айланып жүрүп турган.
Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын.
Башкача бир жан дүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Аябай сонун ыр экен, рахмат
Вообще супер
Журоктон чыкан ыр
эн соонун Ак Шоола
высший классика
Мага ушул ыр абдан жакты. Угуп бүтүп кайра эле уккум эле келе берет экен.