Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына
Кетесиңби сулуу кыз мени менен
Күлүк минип барабыз гүл тергени
Бубактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.
Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз
Чыгып барып эң бийип чокуларга
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.
Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.
Абдыманап Төрөбеков — Кетесиңби сулуу кыз мени менен тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 5567
Автор Ким?микробу жок тоолордун
Бабаравшан тургубаев
Абасы да эмес абасында
Соонун