Аткаруучу: Адилет Азимов
Кара көзүм нур жүзуңдөн күн өпкөн,
Карааның ай талаадайбы гүл өскөн?
Канча түндү кирпик какпай өткөрдүм,
Карегиңди көрүп алып сүрөттөн.
Кайырма:
Турпатың көлдүн чүрөгү да
Тулпардай туйлайт жүрөгүм
Тумарлап арнап сүйүүмдү
Туу кылып сени жүрөмүн.
Бал татымдай бактым болуп калдыңбы,
Бары сенсиң асман, аалам, таң нурум.
Баягыңдай күлүп коюп өтөрсүң.
Байчечектей бажырайган айдыңым.
Кайырма :
Ийилгениң маажүрүм тал бутактай
Искейм жытың аба сууну кучак жай
Ийизиңе бир тең жарышып жете албай,
Издеп сени сүйүүң көрсөң кучак жай.
Кайырма :
Адилет Азимов — Кара көзүм тексти
Датасы: 20.09.2020 Көрүүлөр: 1947