Тагдыр буюруп таптым бактымды,
Махабаттын дайрасына эргип актымды.
Чексиз кубанам дүйнөм тазарып
Талпынамын таалайыма таңдай агарып
Кайырма:
Жалгыз ардагым
Жандай ынагым
Жалгыз сага эрким арнадым
Сенсиң жыргалым,
Дүйнөм, жарыгым,
Жалгыз сага сүйүүм арнадым
Эч ким билбеген сырлар жашырам,
Бакытым деп кадам таштап сага шашылам
Батып кыялга эңсеп сагынам
Арнап сага ак сүйүүмдү мончок тагынам.
Кайырма:
Аида Маканбаева — Ардагым тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 164