Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жаман чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттим, кара тору бир кызды.
Ээрчип кеттим, кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта бурул топтогонбуз биз азыр,
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.

Болот Тасмаев — Кусалык тексти: 4 комментарий

  1. Чач да буурул,токтолгонбуз биз азыр…
    Автор,адамдын өмүр жашынын,улгайып калган курагы жөнүндө айтып жатат. Оңдоп койгула текстти?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *