Капысынан көрүп калып сага арбалдым
Бир өзүңө кантип билбейм байландым
Жүрөгүмдө озүңсүз эч тынчтык жок
Кызганычтан күндө жолуң караймын
Кайырма:
Жамалыңа жаным ээрийт өзүңдө
Кайра кайра карай берем көзүңдү
Уяласың уячаңа бекем деп
Сыр билгизбей күлүп коюп жүрөсүң
Туфилиңдин такылдатып такасын
Ары бери ойду буруп басасың
Жыпар жытың сирень гүлдөй буркурап
Жүрөгүмдү кантип билбейм арабадың