Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Турмушуң сызык болот,
Ар кандай кызык болот.
Махабат коштоп турса,
Өзүңдү алдабагын.
Тагдырды кармабагын,
Сүйүү келсе.
Махабат — өмүр көркү.
Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса,
Чыдагын сен ансыз болбойт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *